Жогорку Кенештин пленардык жыйынында депутат Дастан Джумабеков киберкылмышкерлердин жаңы ыкмаларына каршы активдүү иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи. Анын айтымында, укук коргоо органдары учурда кылмыштарды тергөөгө гана көңүл буруп жатышат, ал эми алдын алуу иштери жетишсиз.
Жасалма интеллект жана жаңы коркунучтар
Депутат технологиялардын өнүгүшү менен алдамчылыктын ыкмалары татаалдашып жатканын баса белгиледи. Азыркы учурда кылмышкерлер жасалма интеллектти колдонуп, жакын туугандардын же ата-энелердин үнүн туурааттап жатышат. Келечекте видеочалуулар аркылуу адамдын сырткы келбетин алмаштыруу ыкмалары да колдонулушу мүмкүн.
Жасалма интеллект өнүккөн сайын мындай алдамчылыктардын саны көбөйөт. Ошондуктан биз алдын ала иштеп, калкка маалыматты өз убагында жеткиришибиз керек.
Мамлекеттик деңгээлдеги сунуштар
Алдамчылыктын алдын алуу үчүн төмөнкү кадамдарды ишке ашыруу сунушталды:
- Мамлекеттик жана улуттук телеканалдар аркылуу калкка туруктуу маалымат берүү;
- Шектүү чалуулар келгенде эмне кылуу керектиги боюнча нускамаларды жайылтуу;
- 2027-жылдын республикалык бюджетинде киберкылмышга каршы күрөшүүгө кошумча каражат бөлүүнү караштыруу.








