Министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борбору быйылдын башынан бери 10 785 жарандын жеке агенттиктер аркылуу чет мамлекеттерде жумушчу орун алганы тууралуу маалымдады.

Бул көрсөткүч миграциянын мыйзамдуу жана коопсуз түрдө уюштурулуусуна багытталган аракеттердин уландысы болуп саналат.

Кыргызстандык мигранттарга чет өлкөлөрдө расмий жумуш табуу үчүн жеке жумуш агенттиктеринин катышуусу маанилүү экени белгиленүүдө.