Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоону камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөлөрдө эмгек миграциясын пландаган жарандарга жана жеке ишке орун түзүү агенттиктерине чыгуудан мурун милдеттүү даярдык программасын өткөрүү тууралуу эскертүү жасады.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөгө иштөөгө чыгуучу жарандар алдын ала даярдыктан өтүшү зарыл. Бул талап жеке агенттиктерге дагы тиешелүү.
Даярдылык программасы төмөнкү багыттарды камтыйт: миграциялык мыйзамдар жана өлкөгө кирүү эрежелери, чет элдеги жашоо жана эмгек шарттары, эмгек мигранттарынын укуктары менен милдеттерин билүү, жашаган өлкөнүн маданияты жана коомдук өзгөчөлүктөрү, каржылык сабаттуулук, тобокелдиктерди алдын алуу жана көйгөйлүү жагдайларда кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу сунуштар.
Жеке агенттиктер ар бир жумуш издеген адамга программаны сунуштап, тиешелүү маалыматтык материалдар менен камсыздоого милдеттүү.
Бул чаралардын максаты Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө коопсуз жана мыйзамдуу эмгек миграциясына даярдоо болуп саналат.















