Материалдар: 1
Чагылдыруу тону: Оң
Ош шаарында өлкөбүздүн шахмат мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Евгений Миловидовдун элесине арналган «Ак ладья» эл аралык IV ачык тез шахмат турнири болуп өттү. Мелдешке ар кандай курактагы жүздөгөн шахмат сүйүүчүлөрү, анын ичинде Өзбекстандан келген катышуучулар чогулду.