УюмЭскерүүлөр: 15
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык службы Араван районунда жер астындагы байлыктарды пайдалануу укугуна аукцион жарыялады.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык службы Шорсай участогунда геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лицензия алууга аукцион жарыялады.

Кыргыз геологиялык службы Ош облусундагы Кызылбел участугунун жер кендерин пайдалануу укугу үчүн тендер өткөрөт.

Ош облусундагы Курушаб участкасында жер кендерин изилдөө укугу сатылууда. Бул үчүн Кыргыз геологиялык кызматы аукцион жарыялады.

Кыргызстандын Министрлер кабинети «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Ош облусунда акиташ жана курулуш ташын геологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Иштерди баштоо үчүн ишкана көрсөтүлгөн участкада маданий мурас объектилеринин бар же жок экендиги тууралуу корутунду алышы керек.

Экология министрлигинин кызматкерлеринин маалыматы боюнча, өткөн 9 ай ичинде көмүр казып алуу боюнча 30 лицензия алынып салынган жана 10,6 миллион сом өлчөмүндө айыптар салынган. Бул маалымат Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында берилген.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Ар бир БАК боюнча чагылдыруунун тону — анын материалдарындагы эскерүүлөрдүн орточосу. «Баасыз» — тон азырынча белгиленген эмес.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.



