Кыргызстанда легализация процедурасынан өтүп, 10-региондун коду менен мамлекеттик номерлерди алган автоунааларды колдонуу боюнча катуу чектөөлөр жүрүп жатат. Мындай унааларды сатууга, белекке берүүгө же башка адамдардын атына кайра каттоодон өткөрүүгө болбойт.
Эрежелерден өзгөчө учурлар
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Тилек Женишев «Биринчи радиодо» мындай транспортторду башкаруу укугун өткөрүп берүү мыйзамда каралган өзгөчө кырдаалдарда гана мүмкүн экенин түшүндүрдү.
- Эгер ээси каза болсо, менчик укугу мураска калтыруу тартибинде өтөт.
- Эгер менчик ээси аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылса, соттун чечиминин негизинде башкаруу укугун өткөрүп берүү.
Мыйзам боюнча чектөөлөр
Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-сентябрындагы № 595 токтомуна ылайык, региондун коду 10 болгон легализацияланган транспорттун ээлери бир катар аракеттерде чектөөлөргө дуушар болушат.
Документтен
Мындай транспортту мыйзамда каралган учурлардан тышкары, башкаларга өткөрүп берүүгө, Кыргызстандын четине алып чыгууга же башкаруу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө болбойт.
Контекст
Чектөөлөр легализация боюнча атайын мамлекеттик кампаниядан өткөн автоунааларга тиешелүү.









