Министрлик аталган транспорт каражаттарынын укуктук статусун тартипке келтирүү иш-чараларына байланыштуу, аларды утилдештирүүнүн так механизмин аныктоо зарыл экендигин белгилейт.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, автотранспорт каражаттарын утилдештирүү экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Анткени аларды бөлүү жана демонтаждоо процессинде айлана-чөйрө үчүн потенциалдуу коркунучтуу калдыктар пайда болот. Буларга эскирген мотор майлары жана башка техникалык суюктуктар, аккумулятордук батареялар, дөңгөлөктөр, электрондук компоненттер, ошондой эле коркунучтуу заттарды камтыган айрым тетиктер жана материалдар кирет.

Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк номердеги транспорт каражатынын ээси унааны утилдештирүүгө ыктыярдуу түрдө өткөрүүгө укуктуу. Эгерде токтомго кол коюлса, унаа ээси утилдештирүү операторуна төмөнкү документтерди тапшырышы керек болот: менчик укугун тастыктаган документтер (эгер бар болсо) же унааны ээлөө жана пайдалануу шарттары жөнүндө арыз.