Интернетте 17-ноябрда глобалдык банктык кулаш болуп, анын натыйжасында кардарлардын эсептери нөлдөнүп, ал эми интернет байланышы иштебей калышы мүмкүн деген ырастоолор активдүү тарап жатат.
Каражаттарды коргоо жана жасалма интеллекттин тобокелдиктери
Киберкоопсуздук боюнча адистер бул билдирүүлөрдү четке кагып, техникалык мүчүлүштүктөр болгон учурда да салымчылардын акчалары корголгон бойдон каларын баса белгилешет. Ушактарды талкуулоо менен бирге эксперттер жасалма интеллектти (ЖИ) Кыргызстандын маанилүү инфраструктурасына киргизүүнүн коопсуздук маселесин көтөрүшүүдө.
«АйРан» долбоорунун директору Чыңгыз Арзиев өлкөдө ЖИнин өнүгүшү мүмкүнчүлүктөрдү да, белгилүү бир коркунучтарды да алып келерин белгиледи. Негизги тобокелдик программалык ката банк сектору, энергетика же транспорт сыяктуу жашоо үчүн маанилүү системалардын ишин бузуп коюшунда.
Контекст
Чыңыз Арзиев атаандаштыкка жөндөмдүү жасалма интеллекттин түзүүчүсү болуп саналат жана «АйРан» долбоорун жетектейт.








