Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ОБСЕ программасы, "Лаборатория Касперского" жана "ГринЛайт" компаниясынын биргелешкен демилгеси менен CYBERFINANCE 2026 киберкоопсуздук жана санариптик каржылар форуму өтүүдө.
Форумго мамлекеттик органдардан, банктардан, эл аралык уюмдардан, IT компаниялардан, эксперттерден жана студенттерден 120дан ашык адам катышууда. Башкы темалар — жасалма интеллект, санарип төлөмдөрдүн өнүгүшү жана кибермошенчилик менен күрөшүү.
Улуттук банктын орун басары Санжар Абдыгазиев өз сөзүндө бул чөйрөдө тез санариптик трансформация жүрүп жатканын баса белгиледи. Ал жасалма интеллект, стейблкоиндер жана санарип төлөмдөрдүн каржы тармагына олуттуу таасирин тийгизип жатканын айтты.
Форумдун катышуучулары электрондук каржылык технологиялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн комплекс системаларды түзүү жана жогорулатуу зарылчылыгын белгилешти. Мындан тышкары калкты интернет-мошенчиликтен коргоп өнүктүрүү маселелери да көтөрүлдү.




