2026-2027-жылдар аралыгында Борбордук Азияда жаан-чачындын көлөмү климаттык нормадан ашып кетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу MoveGreen командасы даярдаган Эль-Ниньо кубулушуна байланыштуу аналитикалык материалда айтылат.
2026-жылдын июнь айынын башында дүйнөлүк метеорологиялык уюм тропикалык Тынч океанда Эль-Ниньо шарттарынын калыптана баштаганын жарыялаган. Ошол эле айда АКШнын улуттук океан жана атмосфера изилдөө башкармалыгы бул кубулуштун башталганын расмий тастыктап, жаан-чачын жана аба-ырайындагы өзгөрүүлөргө даярданууну эскерткен.
Эль-Ниньо 2026-2027-жылдары айрым аймактарда, анын ичинде Борбордук Азияда жаан-чачындын чоң көлөмү менен коштолушу мүмкүн. Бул мезгилде Кыргызстандын климаты да түздөн-түз таасир алып, жаан-чачындын нормадан ашканы күтүлүп жатат.
Климатолог Ольга Стрижанцева белгилегендей, температуранын жогорулашы жер бетинен көбүрөөк суунун бууланышына шарт түзөт. Натижеде, пайда болгон булуттар материкке келип түшүрүлгөн жаан-чачындын көлөмүн көбөйтөт.
2026-жылдын август айына чейин Борбордук Азияда жаан-чачын көлөмү климаттык орточо мааниге жакын болушу күтүлөт. Бирок Эль-Ниньо күчөп турган ошол жылдын күз айларында жаан-чачындын көлөмү нормадан жогору болууга ыктымал.
Эль-Ниньонун күчү Супер Эль-Ниньо деңгээлине жеткенде океандын бети 2,5—3°C ашык ысып, бул нормалдуу Эль-Нинього караганда дагы көп жаан-чачындын түшүшүн шарттайт.

