Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда тарыхый, руханий жана маданий жакындык көптөн бери бар. Соңку жылдарда бул мамилелер маданият, билим берүү, искусство жана гуманитардык долбоорлор аркылуу дагы тереңдеди.

Айтматовго эстелик Бакуда

2021-жылы демилгеленген Чыңгыз Айтматовго эстеликти орнотуу иши 2024-жылдын 24-апрелинде Бакуда расмий ачылды. Иш-чарага эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Илхам Алиев катышты.

Президенттер эстелик кыргыз жана азербайжан элдеринин достугу, бир туугандык жана бекем өнөктөштүк символу экенин атап өтүштү.

Бишкекте Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган мектеп-гимназия

2022-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясына Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган жана бул аземге да эки өлкөнүн президенттери катышкан.

Азербайжан колдоосу менен 2024-жылы мектепте STEAM-борбор ачылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Мектепте азыр 63 класс жана 2000ден ашык окуучу билим алууда.

Бул долбоорлор Кыргызстан менен Азербайжандын маданий-гуманитардык байланышын алдыга жылдырууда маанилүү кадам болуп эсептелет.