Гидроэнергетика Борбордук Азиянын энергия тутумдарынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Ал кымбат баалуу жылуулук электр станцияларына болгон муктаждыкты азайтууга жана кайра жаралуучу булактарды интеграциялоого шарт түзөт.
Экспорттун техникалык мүмкүнчүлүктөрү
ЕӨӨБ тарабынан даярдалган «Энергия чек арасыз: Борбордук Азиянын электр энергетикалык байланыштарынын архитектурасы» аттуу отчетко ылайык, өлкөнүн техникалык мүмкүнчүлүгү төмөнкүдөй бааланды:
Айта кетүү керек, бул көрсөткүчтөр болгону каралган сценарий боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөрдү гана чагылдырат. Энергияны иш жүзүндө канчалык көлөмдө жеткирүү мүмкүн экендиги көптөгөн факторлордон көз каранды болот.
- Суунун деңгээли жана агымы
- Ички керектөөчүлүктүн көлөмү
- Суу сактагычтардын иштөө режими
- Жабдуулардын абалы
- Электр тармактарынын мүмкүнчүлүктөрү
Контекст
Евразия өнүктүрүү банкы 2006-жылы негизделген, штаб-квартирасы Алматы шаарында жайгашкан эл аралык уюм. Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин болжолдоолору боюнча, 2026-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдөгү электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт·ч деңгээлинде болот.









