Ушул жылы айыл чарба өндүрүүчүлөрү сегиз мамлекеттик программа боюнча жеңилдетилген каржылоодон пайдаланышты. Өткөрүлгөн каражаттын жалпы көлөмү 13 млрд сомду түздү. Бул программалар боюнча чендер 3%дан 6%га чейин өзгөрүп турат, ал эми эл аралык уюмдар менен бирге ишке ашырылып жаткан дагы бир нече программалар 6% менен кредит сунуштайт.
Мал чарбасын колдоо жана мал жеткирүү
Министрлик мал чарбасын колдоого багытталган жаңы программаны ишке киргизүү үстүндө иштеп жатат. Бул багыт боюнча талкууланып жаткан каржылоо суммасы болжол менен 7 млрд сомду түзөт. Ошондой эле министрликтин алдындагы «Агрохолдинг» ААК аркылуу тукумдүү мал жеткирүү уюштурулган. Фермерлер банктар аркылуу 3% чен менен жаныбарларды сатып алышы мүмкүн.
Абердин-ангус породасындагы бир баш малды өз алдынча алып келүү 300–350 миң сомго турат, бизде - 250 миң сомдон башталат
Түшүндүрүү иштери боюнча маселелер
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында депутат Гуля Кожокулова калкын маалымдоо иштерин жакшыртуу зарылчылыгына көңүл бурду. Анын айтымында, региондордун тургундары жеңилдетилген кредиттерди жана гранттарды алуу мүмкүн эместиги тууралуу көп суроолорду көтөрүп келишет, бул ведомство тарабынан активдүүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылат.










