Кыргызстандын ар кайсы аймактарында ишкерлерди колдоо максатында жаңы программа ишке салынды. «Кыргыз Республикасынын аймактарын экономикалык өнүктүрүү» аттуу долбоордун алкагында бизнеске жеңилдетилген кредиттер берилет.

Бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен «Мамлекеттик Финансылык Холдинг» ААК түзүп, ишке ашырып жатат. Финансылык колдоо жеке ишкерлерге, юридикалык жактарга жана стартап долбоорлорунун авторлоруна сунушталат.

Колдоо, өзгөчө, туризм, жеңил өнөр жай, өндүрүш, саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика жана айыл чарбасын кайра иштетүү чөйрөлөрүндөгү демилгелерге багытталат.

Программа шарттары

2%кредиттин жылдык пайызы
20 млн соммаксималдуу сумма
10 жылкредиттик мөөнөт
12 ай