Аскат Жетиген өмүр кечирип жаткан №27 түзөтүү мекемесинен ден соолугу начарлап жатканын билдирди. Ал өзүнүн адвокаты аркылуу жолдогон катында акыркы убактарда көп башы ооруп жатканын жазган.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдиргендей, акындын катында "Калган убакыт азайган сайын, күндөр узакка чагылат. Жалпысынан абалым жакшы, бирок саламаттыгым оорлоп баратат. Балким аптап ысыктан же азыктын жетишсиздигинен. Жакында башым дайыма ооруп жатат" деген сөздөр бар.

Абдырасулова Аскат Жетиген 19-августта бошотуларына үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Учурда Жазаны аткаруу кызматы бул катта айтылган маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.

2024-жылы Бишкек шаардык Свердлов району аралык соту Аскат Жетигенди Кылмыш кодексинин 327-беренеси («Адамдардын бийликти күч менен басып алуу чакырыктары») боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажырата жазалаган. Ал эми 278-берененин 3-бөлүмү («Массалык башаламандыкка чакырыктар») боюнча акталган жана жогорку сот органдары бул чечимди өзгөртпөй калган.