Ак-Ордо жашыл аймагында өспүрүм кыз бычакка окшогон буюмду алып жүргөнү видеого тартылып, социалдык тармактарга жайылды.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя боюнча материал Журналисттик каттоого алынып, учурда алдын ала иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
Полиция кызматкерлери жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө кыздын өздүгүн аныкташты. Анын 2010-жылы туулган Т.А. экени белгилүү болду.
Өспүрүм кыз Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди жана тиешелүү процессуалдык иштер жүргүзүлүүдө.
Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кыз ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлөт, андан кийин гана процессуалдык чечим кабыл алынат.











