Бир өспүрүмдүн сабалып, камерага кечирим суроого мажбурланып жатканы тартылган видео социалдык тармактарда активдүү талкууланып жатат. Видеодо ага "кемсинткени" үчүн кечирим суроо талабы коюлганы айтылат.

Чуй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө катталган. Учурда бардык жагдайларды тактоо максатында иликтөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.