Ысык-Көл облусунун Ак-Суй районунда 2026-жылдын 1-августунда саат 13:00 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Облустук БДД билдирди.
Кырсык Каракол шаарында жашаган И.У. аттуу 1983-жылы туулган айдоочунун башкаруусундагы HOWO маркасындагы цементовоз Тепке айылына барууга аттанып, айланма жолдо рулду көзөмөлдөй албай, жолдон чыгып оң тарабында кырсыкка кабылган.
Окуя болгон жерден айдоочу алган жаракаттарынан улам каза болуп, жүргүнчү — К.А., 1983-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну — ооруканага жеткирилди.
Учурда укук коргоо органдары окуянын так себептерин аныктоо үчүн иш-чараларды жүргүзүүдө.

















