2026-жылдын 2-августунда Кыргызстандын курулуш тармагы 101 жылдык мааракесин белгиледи. Бул жөнүндө өлкөнүн Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
1925-жылы 2-августта Кыргыз Автоном областсынын Аткаруу комитетинин Президиумунун токтому менен өлкөнүн биринчи мамлекеттик курулуш мекемеси – Кыргыз мамлекеттик курулуш конторасы түзүлгөн. Аталган дата министрликтин тарыхынын башталышы катары эсептелет.
Өтүп келген 101 жыл ичинде курулуш тармагы ар кайсы этаптардан өтүп, бүгүнкү күндө мамлекеттин курулуш саясатын ишке ашыруучу негизги органга айланды.
Министрлик белгилегендей, бул узак тарых жоопкерчиликти, үзгүлтүксүз өнүгүүнү жана мамлекет менен бирге курулган келечекти билдирет.
Азыркы учурда министрлик өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик курулуш саясатын улантып, сапаттуу, коопсуз жана заманбап курулуш тармагын өркүндөтүү иштери менен алектенүүдө.













