Жол кырсыгы кечээ, 25-июлда, Бишкек – ​​Нарын – Торугарт унаа жолунун 42-43-чакырымында, Ивановка айылына кире бериште болгон.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу үч дөңгөлөктүү скутердеги жигит менен кагылышып кетүүдөн сактануу максатында рулду бурган. Бирок ал башкарууну жоготуп, жүк жүктөлгөн унаа капталына оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Ошондой эле айдоочу скутердеги адамды сүзгөн эмес. Оодарылып кеткен жүк ташуучу унаа айып төлөөчү жайга токтотулду.