Нарын облусунун Ак-Таль районунда социал объектилерди кышкы мезгилге камсыздоо маселеси боюнча иштер жүрүп жатат. Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, учурда мекемелерге жана ишканаларга көмүр жеткирүү иштери уланып жатат.