Баткен облусуна күз-кыш мезгилинде калктуу конуштарды көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жалпы 101 миң тонна көмүр даярдоо зарылдыгы белгиленди.
Аймактагы район жана шаарларда көмүрдү сатуу үчүн 68 чекит уюштурулуп, алардын 21и муниципалдык менчикте экендиги кабарланды.
Облус башчысы Мамыржан Рахимовдун буйругу менен күз-кышка даярдык боюнча облустук штабдын курамы жана иш чаралар планы бекитилди.
Облус алмашчы жетекчиси Абдирашит Ташбалтаев калкты көмүр менен камсыздоону көзөмөлдөө, көмүр базаларын ачуу, көмүрдүн баасын туруктуу кармоо боюнча тапшырмаларды берүү менен бирге өндүрүш объектилерин электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну баса белгиледи.
Көмүр керектөөчүлөрү

















