Ак-Талаа районунда жергиликтүү тургундарга, айрыкча жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу суу объекттерине сууга түшүүгө тыюу салынды. Бул чечим ысык аба ырайынан улам сууга түшкөндөрдүн саны кыйла көбөйгөндүгүнө байланыштуу кабыл алынган.
Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеевдин айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куткаруучулар менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын өткөрүшкөн. Алар сууда сүзүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, айрыкча балдар менен өспүрүмдөрдүн өмүрүн сактоо жана кырсыктарды алдын алуу максатын көздөшкөн.
Асфальт төшөө учурунда шагыл алынган жерлерде пайда болуп, жер астындагы суулар менен толгон жолдордун жээгиндеги кооптуу суу жайларына "Сууга түшүүгө тыюу салынат!" деген эскертүүчү белгилер орнотулду. Жарандарга бул жерлер сууга түшүүгө ылайыкталбагандыгы, суунун сапаты текшерилбегендиги жана алар өмүргө коркунуч туудурары түшүндүрүлдү.
Мындан тышкары, Нарын—Баетов—Макмал унаа жолуна асфальт төшөлгөндө шагыл алынган карьерди кыска мөөнөттө рекультивациялоо боюнча тапшырма берилгенин Т.Мокеев кошумчалады.



