Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) социалдык тармактарда Көл-Төр бийик тоолуу көлүнүн үзүлүп кетүү коркунучу тууралуу маалыматтар тарагандан кийин Чүй районундагы аталган көлгө ыкчам штабдын адистери барып, жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Штабдын ишин ӨКМдин орун басары, полковник Алмазбек Асанов жетектеди. Топтун курамына ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана болжолдоо департаментинин адистери, Токой кызматынын өкүлдөрү, Чүй районунун акими жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги кирди.

Жер-жерде жүргүзүлгөн текшерүү учурунда адистер көлдүн учурдагы абалына баа беришти. Текшерүүнүн натыйжасында Көл-Төрдөгү суунун деңгээли адаттагыдан жогорулаганы аныкталды.

Көлдү текшерүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кырдаалды туруктуу көзөмөлдөөнү улантуу жана зарыл болгон алдын алуу чараларын көрүү чечими кабыл алынды.

Алмазбек Асановдун айтымында, суунун жээктен ашып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына атайын түтүктөрдү сатып алууга каражат караштыруу тапшырылды. ӨКМ өз кезегинде аларды орнотуу иштерин жүргүзөт. Министрдин орун басары бул маселени чечүүнү тездетүүнү тапшырды.

ӨКМ ошондой эле көлдөгү кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи. 2026-жылдын башынан бери ведомствонун адистери көлдү үч жолу текшерип, профилактикалык иштерди жүргүзүшкөн.