Ак-Талин районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйү жаңы жетекчиге ээ болду. Бекжан Карасартов азыркы учурда директордун милдетин убактылуу аткарып жатат.

Карасартов буга чейин аталган мекеменин артисттик жетекчиси болуп кызмат өтөп келген. Ал ошондой эле Ак-Талиндеги Рысбай Абдыкадыров атындагы фонддун координатору.

Анын маданият тармагындагы эмгеги жогору бааланып, Жумамүдү Шералиевдин ысымы ыйгарылган сыйлык жана «Маданияттын мыктысы» наамдары берилген. Андан сырткары, Бекжан Карасартов Баетов айылында «Ардактуу жаран» наамына татыган.

Мурунку жетекчи Курманжан Тиленбаева райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Анын ордуна Карасартов иштеп баштады.