АКШнын Транспорт министри Шон Даффи X тармагындагы билдирүүсүндө, аба жолун башкаруу борборлорундагы байланыш системасынын иштебей калышына байланыштуу чектөөлөр киргизилгенин айтты. Азыркы учурда адистер мүчүлүштүктүн так себептерин аныктоо менен алектенишүүдө.}},

Каттамдардын масштабдуу кечигүүсү

Бул чечим АКШ боюнча бардык аэропортторду камтыган жана авиация тарыхында 2001-жылдагы 11-сентябрь теракттарынан кийинки экинчи ири окуя болду деп билдирилет. Учурда учуп жаткан учактардын кыймылын диспетчерлер өз алдынча башкарууга аргалашып жатышат.}}{"id":"3"},
{

Авиациядагы зыян

4700жокко чыгарылган рейс
10000кечиктирилген рейс

Федералдык жарандык авиация башкармалыгынын (FAA) эскертүүсүнө ылайык, жаңы буйрук чыкканга чейин бардык учуулар жерде калуусу керек. Бирок эл аралык каттамдардын учактарын кабыл алуу жеке тартипте чечилет.

Документтен

Кыймыл өзгөчө буйрук чыкканга чейин токтотулушу керек. Эл аралык каттамдар боюнча маселе жеке тартипте чечилет.
FAA'нын билдирүүсү

Мүчүлүштүктөн бери беш саат өткөндөн кийин аба каттамдары кайрадан калыбына келтирилди.

Маалымат үчүн

Федералдык жарандык авиация башкармалыгы (FAA) 1958-жылы негизделген жана АКШнын Транспорт министрлигине баш иет. Бул мекеме өлкөдөгү жарандык авиацияны көзөмөлдөө менен алектенет.