«Манас» эл аралык аэропортунда бажы көзөмөлүнөн өтүүдө жана каттоого алууда чоң кезектер пайда болгону тууралуу маалыматтар түшүүдө. Бул абал жүргүнчүлөрдүн арасында нааразычылыктарды жаратууда.

«Сейчас KG» басылмасынын маалыматына караганда, окуянын себеби катары электр жарыгынын өчүрүлүшү же системалардагы кандайдыр бир мүчүлүштүктөр айтылууда. Айрым жазылуучулар системалык сбобдор болгонун билдиришүүдө.

Учурда расмий органдардан эч кандай комментарий бериле элек. Көптөгөн адамдар учакка түшүүгө кечигип калуудан кооптонуп, тынчсызданууда.