АКШдагы Кыргызстандын элчиси Эдиль Байсалов Филадельфия шаарында болуп өткөн спорттук мелдештен кийин спортчу Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү даталар - АКШнын 250 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын 35 жылдыгы урматына чыгарылган эстелик медалын тапшырды.

Бул иш-чара кыргыз диаспорасы менен биргеликте уюштурулуп, анда Мыктыбек жана анын командасы менен да жолугушуу болду.

Ар бир мелдешинде, эрдиги жана жеңүүгө умтулуусу аркылуу миллиондогон америкалыктар жана бүт дүйнөдөгү адамдар Кыргызстандын бар экенин билишет.
Эдиль Байсалов, Кыргызстандын АКШдагы элчиси

Элчи Мыктыбекке Кыргызстанды чет өлкөдө таанытууга кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын айтты.