Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлери 2026-жылдын 11-августунда 540-токтомду кабыл алып, анын алкагында тамак-аш коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органы ишкерлик объектилерин мораторий мезгилинде да текшерүүгө укук алды.

Бул өзгөртүү 2026-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган 276-токтомго киргизилди. Анда президенттин 14-марттагы №113 жарлыгынын алкагында ишкерлик субъектилерин текшерүүгө коюлган убактылуу тыюу мөөнөтүндө тамак-аш коопсуздугу боюнча текшерүүлөрдү өткөрүүгө уруксат берилет.

Тактап айтканда, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органына бул багытта мыйзамдардын сакталуусун карап чыгууга мораторий учурунда да укук берилет. Мындай чаралар калктын саламаттыгын коргоого багытталган.

Жаңы токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он күндөн кийин күчүнө кирет жана өлкө боюнча ишкерлик объектилерин тамак-аш коопсуздугу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлөт.