Москов районунун Александровка айылынын тургундары таштанды полигонунда оттун чыгып, аймакка күчтүү түтүн тарап жатканын кабарлашты.
Өрттүн кесепети аймактын аба саптына терс таасирин берип, тургундардын ден соолугуна тынчсыздануу жаратууда.
Айылдын тургундары бул маселе боюнча тиешелүү органдарга кайрылышып, өрттү тез арада өчүрүүгө чакырууда.










