Кант шаарында жашаган тургундар шаардык таштанды полигону кайрадан өрттөнүп жатканын айтып, медиаларга кайрылышты.

Өрттөн чыккан тыгыз түтүн шаардын айрым бөлүктөрүн каптап, кээ бир жерлерде жашоочулар күнүмдүк турмушунда кыйынчылыктарга кабылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, таштанды полигону узак убакыттан бери өрттөнүп келет жана бул абал жашоочулардын ден-соолугуна терс таасир этүүдө.