Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-июлда Бишкек жана Чүй облусундагы энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн иш-чаралар пландалып жатканын билдирди.

Министрдин айтымында, өткөн аптада өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун катышуусунда болгон жыйындын жүрүшүндө энергетика тармагындагы азыркы абал көрсөтүлүп, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча президенттин фондунан тармакты каржылоо үчүн $300 млн каражат бөлүнөт. Министр бул каражаттар мурда республика бюджети же өлкө башчынын фондунан бөлүнбөгөнүн белгиледи.

Бул каражат бир катар курулуш иштерине багытталат. Алардын ичинде 500 киловатттык жаңы электр өткөргүч линиясы курулуп, Фрунзенская жана Кемин подстанциялары байланышат.

Ошондой эле Бишкек шаарында эң чоң жаңы 500 киловатттык 'Бишкек' подстанциясы курулат. Муну менен шаар жана Чүй облусунун электр энергиясы менен камсыздоо туруктуулугу жогорулайт.