Кыргызстанда жарык өчүүлөрүнүн себеби катары узак жылдар жаңыланбаган күчтүү электр линиялары жана подстанциялар көрсөтүлүүдө. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, өткөн мезгилде трансформаторлор менен 10 кВ кубаттуулуктагы жабдуулар алмаштырылганына карабай, 110 жана 220 кВ электр тармактарын модернизациялоо бир нече жолу кечеңдеген.

Министр Алтынбек Рыспеков бул маселени мамлекет башчы Садыр Жапаровго кабарлап, кризистен чыгуу планы сунуш кылган. Ага ылайык, Бишкек шаарында жана башка аймактарда жаңы жогорку чыңалуудагы линиаларды жана подстанцияларды куруу каралган.

Бул иштерге болжол менен 300 миллион доллар сарпталат. Президент Садыр Жапаров сунушту колдоо менен, долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү каражатты бөлүү чечимин кабыл алган.