Араван районунда газоблок өндүрүүчү жаңы «Араван Газоблок» заводу курулуп жатат. Курулуш үчүн бөлүнгөн аймак 4,82 гектарды ээлейт.

Завод 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизилип, жылына 300 миң кубометр газоблок чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ишкананын иштеши менен үчтөн көп жумушчу орду түзүлүп, 70 адам туруктуу эмгек менен камсыздалыш үчүн пландалууда.

Азыркы учурда курулуш иштерине 100гө жакын адам тартылган.

Облус администрациясынын маалыматына караганда, заводу толук кубаттуулукта иштеп баштаган соң жыл сайын бюджетке 200 миллион сомдон киреше түшөт.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев заводдун курулушу менен таанышып, анын экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.

Ошондой эле, ал Араван цемент заводуна барды жана ал жердеги өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөр менен таанышты.