Екатеринбург шаарында кыргызстандык жаран уурдалып, ага карата коркутуулар айтылып, ири акча өлчөмүндө талаптар коюлган.
Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымдады. Окуянын чоо-жайы боюнча билдирүү жаран тарабынан Екатеринбургдеги ИИБнын өкүлчүлүгүнө жасалган.
Тез арада жүргүзүлгөн ыкчам-чаралардан кийин жаран бошотулуп, анын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.









