19-ноябрда Бишкекте мамлекеттик катчы Арслан Койчиев менен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Лиза Кёртистин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.
Медиа мейкиндиги жана журналистикалык стандарттар
Сүйлөшүү учурунда тараптар өлкөнүн маалыматтык чөйрөсүн өнүктүрүү жана «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн талкуулашты. Мамлекеттик катчы Койчиев Лиза Кёртисти жаңы кызмат орду менен куттуктап, радиосунун өлкөнүн коомдук-саясий жашоосундагы тарыхый ролун белгиледи.
Ал сапаттуу журналистиканын маанилүүлүгүнө, фактыларды так текшерүүгө жана редакциялык жогорку стандарттарды сактоого басым жасады. Ошондой эле мамлекеттик катчы Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана стратегиялык инфраструктуралык долбоорлор боюнча маалымат берди.
«Азаттыктын» ата мекендик журналистиканын калыптанышындагы тарыхый ролун жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна кошкон салымын белгиледи.
Лиза Кёртис мазмундуу пикир алмашуу үчүн ыраазычылык билдирип, радиосунун тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кесиптик байланыштарды чыңдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кызыкчылыктарын тастыкташты.













