Журналистика жөн гана жаңылык жеткирүү эмес, бул коомдун үнүн угуу жана маанилүү маселелерди көтөрүү миссиясы болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев билдирди.

Мамлекет менен жарандардын ортосундагы байланыш

Сатыевдин айтымында, так жана өз убагында берилген маалымат адамдардын дүйнө таанымын калыптандырып, мамлекет жана коомчулук ортосундагы ишенимди бекемдөөгө кызмат кылат. Ал сөз эркиндиги жана маалыматтын ачыктыгы демократиялык коомдун негизги талаптарынын бири экенин баса белгиледи.

Маалымат — коомдун өнүгүүсүнө багыт берген, адамдардын дүйнө таанымын калыптандырган жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы ишенимди бекемдеген маанилүү күч.
Медербек Сатыев

Кесипкөйлүк жана жоопкерчилик

Басма сөз кызматкерлеринин эмгегин жогору баалаган соттун төрагасы, маалыматты жеткирүү процесси терең билимди жана чоң жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи. Журналисттердин ар бир материалы коом алдындагы жоопкерчилик менен коштолушу керек.