Өндүрүштү кеңейтүү пландары боюнча Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов маалымат берди. Анын айтымында, азыркы учурда ателье мамлекеттик мекемелерди атайын форма менен камсыз кылуу менен алектенет.
Иштин жылы жана каржылык көрсөткүчтөрү
Ательенин директору Шайлообек Нурматовдун маалыматына ылайык, ишкана 2022-жылы калыбына келтирилген, ал эми 2024-жылы толук кандуу иштөөгө киришкен. Бүгүнкү күндө жер жерде 40 жумушчу иштейт. Алар кардарлардын тармагына жараша жайкы жана кышкы атайын кийимдерди, жилеттерди тигишет.
2025-жылдагы көрсөткүчтөр
Негизги кардарлар
Ишкананын негизги буйрутмаларын мамлекеттик сектордун ири түзүмдөрү түзөт. Алардын ичинде «Кыргыз темир жолу», «Тазалык», «Кыргызкомур» жана аэропорттор бар.
- 2022-жыл
Ателье калыбына келтирилди
- 2023-жыл
Өндүрүш жайларын даярдоо башталды
- 2024-жыл
Ишкана толук кандуу иштеп баштады




























