Чүй облусунун Сокулук районундагы Асылбаш айылына жапайы камандардын кирип келгени айтылууда. Айыл ичинде эркин басып жүргөн камандардын видеосу 25-июлда тартылган.

Айыл тургундарынын айтымында, камандар мурда айылдан алыс талааларда жүрүшү мүмкүн эле, бирок айылга кирип келгени буга чейин болгон эмес.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкери, Асылбаш айылынын тургуну Мирбек Маниясов да акыркы күндөрү жапайы камандардын айылга кирип келген учурлары катталганын тастыктады.