Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, 2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстан Россиядан 319,9 тонна кофе алган, анын жалпы наркы 3,05 миллион долларды түзгөн.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде кофе жеткирүүлөрдүн көлөмү 94,9 тоннаны түзүп, анын наркы 1,08 миллион доллар болгон. Ошентип, импорттун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу үч эседен ашык өскөн.