15-август күнү Бишкек шаарында, Ауэзова менен Сагынбая манасчы көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Кырсыкка жүк ташуучу NOVA маркасындагы автоунаа менен Honda Stepwgn катышкан.

Бишкек шаарынын ӨКМнын маалыматына караганда, Stepwgn унаасынын эки жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.

Алгачкы маалыматтар боюнча жол кырсыгынан каза болгондор жок.

Азыркы учурда жол кырсыгынын так себептери жана шарттары иликтенип жатат.