Бишкек шаарында Ахунбаева жана Ой-Терскен көчөлөрүнүн кесилишинде түнкүсүн жол кырсыгы катталды.

Патруль милициясынын маалыматы боюнча, кырсык саат 03:30дар чамасында болгон.

Honda Stepwgn унаасынын 20 жаштагы айдоочусу сол жакка бурулуп баратканда каршы тилкеде келе жаткан 20 жаштагы Hyundai Sonata унаасы менен кагышкан.

Жол кырсыгынан Hyundaiнин 19 жаштагы жүргүнчүсү башына жаракат алып, Улуттук госпиталга кайрылган.

Азыркы учурда кырсык эмне себептен болгондугу такталууда.