Жамгырдан улам селдер пайда болду
Бишкек, 23.07.26 /Кабар/. Кыргызстандагы бир нече аймакта күчтүү жамгырдан улам автомобил жолдорунда селдик агымдар болуп, жер көчкү пайда болгон. Мындай маалыматтарды Транспорт жана байланыш министрлиги билдирди.
Таш-Көмүр — Кербен — Ала-Бука жолунун 40-54-километр аралыкта сегиз жер көчкү катталган. Жол кызматы адистелген техникаларды колдонуруп, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Азыркы учурда кыймыл бир тараптуу режимде ачылган.
Ал эми Бишкек — Балыкчы — Нарын — Торугарт жолу Боом капчыгайында 131-134-километр аралыкта селдик агымдын кесебинен жабылган. Адистер жумуштарды жүргүзүп, кыймылды толугу менен калыбына келтирди.
Ошондой эле Балыкчы — Боконбаево — Каракол жолунун 104-километри Кажы-Сай айылында сел жуулуп өткөн. Жол кызматы тез арада тазалоо иштерин жүргүздү.
Бардык жогорудагы жол участкасы тазаланды жана транспорт кыймылы толугу менен калыбына келтирилди.



