Журналисттердин коопсуздугуна көңүл бурулду

23-июлда Бишкекте өткөн талкууда, өзгөчө кырдаалдар боюнча маалымат берүүдө журналисттердин коопсуздугун камсыздоо маселеси өңүтүндө маалымат каражаттары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана мамлекеттик органдардын пресс кызматтарынын ортосундагы өнөктөштүктү жакшыртуу боюнча сунуштар сунушталды.

Кыргызстанда климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу өзгөчө кырдаалдар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Медицина кызматын башкаруучу Ырысбек Жолдошбаев өзүнүн баяндамасында айтты.

Журналисттер профессионалдар, бирок коопсуздукту эске алышы керек
Ырысбек Жолдошбаев, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги