Жогорку Кенештин пленардык жыйынында Махабат Мавлянова аялдардын айыл чарбасындагы ролун жогорулатуу үчүн жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Ресурстардын жетишсиздиги жана насыялоо маселеси

Депутаттын айтымында, азыркы учурда мамлекеттик программа боюнча 12%дан 16%га чейинки пайыздык чен менен насыя берилет, бирок бул айыл чарбанын цикли үчүн өтө жогору. Мындан тышкары, аялдардын кепилдик катары көрсөтө турган мүлкү жок болгондуктан, насыя алуу алардын үчүн татаал болуп жатат.

Мавлянова 2027-2030-жылдарга карата аялдарды колдоо боюнча атайын программа түзүүнү жана мамлекеттик агрардык насыялардын кеминде 30%ын бакчачылык, жылыкана куруу, мал чарбачылыгы жана кайра иштетүү тармактарына багыттоо керектигин сунуштады.

Аялдардын айыл чарбасындагы үлүшү

Статистикалык көрсөткүчтөр

46%аялдардын айыл чарбасындагы үлүшү
18.5%жер участокторуна ээлик кылуу
29%кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылуу
2.4%жайлоо комитеттериндеги үлүш
2.2%суу пайдалануучулар ассоциациясынын директорлорунун арасындагы үлүш

2027-жылы айыл чарба тармагын арзан насыялоо үчүн болжол менен 20–20,5 млрд сом каражат каралган.

Сунушталган чечим

Махабат Мавлянова 2027-жылдагы арзан насыялоо долбоорунун алкагында аял фермерлерге өзүнчө мамлекеттик программа катары 1 млрд сом бөлүп берүүнү сунуштаган.