Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Азербайжан өлкөсү Кыргызстанга күйүүчү май жана майлоочу материалдарын камсыздоого даяр экенин маалымдады.

Анын айтымында, бул багытта эки тарап министрликтер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кызматташтыктын зарыл механизмдерин иштеп чыгууда.

Азырынча келишимдин так шарттары жаатында маалыматтар берилген жок, бирок бул жаңы түзүлгөн алакалар Кыргызстанда энергетикалык ресурстарды туруктуу камсыздоону күчөтүүгө багытталат.