Кыргызстандын Министрлер кабинети жанында ГСМ жетишпестигин алдын алуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рыспеков билдирди.
Министрдин айтымында, Кыргызстан Беларусь өлкөсү менен газ-майлоочу материалдарды жеткирүү жана транзит боюнча келишимге жетишкен. Ошондой эле Россия менен да транзит маселелери боюнча макулдашылган.
Беларусьтан ГСМ буга чейин эле келип баштаган жана дагы кошумча партиялары келип жатат.
Кытайдан ГСМ импортун уюштуруу боюнча да келишимдер бар, бирок бул жерде негизги кыйынчылык – логистика. Товарды Кытайдан гана автоунаа аркылуу ташууга мүмкүн, бул процесс убакытты талап кылат.
Учурда Кытайдан товар жөнөтүүгө даяр партия бар, бирок анын келишине убакыт керек.










