Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кыргыз-тажик чек арасындагы чектеш аймактарга барууну жеңилдетүү максатында уруксат кагаздарын толтуруу процессин толук санариптештирип, аны мамлекеттик «Тундук» платформасы аркылуу жүргүзүүнү сунуштады.

Бекешевдин пикири боюнча, жарандар менен туристтер чектеш аймакка баруу үчүн керектүү уруксаттарды өз алдынча, ортомчулуксуз, электрондук түрдө ала алышы керек. Бул сунуш мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү натыйжалуу жана жеткиликтүү кылууга багытталган.