Азербайжан президенти Ильхам Алиев «Манас» ордени менен сыйланды
2026-жылдын 31-июлунда, Чолпон-Ата шаарында өткөн мамлекеттик визиттин алкагында, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Азербайжан президенти Ильхам Алиевге Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — «Манас» орденин тапшырды.
«Манас» ордени Кыргыз Республикасынын экономикалык жана коомдук өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы, мамлекетти жана демократиялык коомду чыңдоого, элдин биримдигин бекемдөөгө кошкон маанилүү салымдары үчүн ыйгарылат.
Азербайжан президенти Садыр Жапаровду «Гейдар Алиев» ордени менен сыйлады
Ал эми Кыргызстан Президенти Садыр Жапаровга Азербайжан президенти Ильхам Алиев тарабынан эң жогорку мамлекеттик сыйлык — «Гейдар Алиев» ордени тапшырылды. Алиев Жапарова өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалады.
Ильхам Алиев Кыргызстанда соңку жылдары болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдү белгилеп, социалдык-экономикалык өсүш, эл аралык аброю жана инвестициялык тармактардагы өнүгүүлөргө өзгөчө токтолду. Анын айтымында, Ысык-Көл аймагынын ыкчам өсүшү өлкөдө буга чейин байкалган эмес.
Ошондой эле, ал миграциялык агымдардын оң жакка өзгөрүп жатканын, чет элден Кыргызстанга кайтып келген жарандардын саны көбөйүп жатканын белгиледи.
Ильхам Алиев Садыр Жапаровдун кыргыз-азербайжан мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалап, бул жаатта анын ишмердүүлүгү эки өлкө арасындагы туугандык байланыштарды чыңдоодо маанилүү экенин белгиледи.










































