Азия футбол конфедерациясы (АФК) Кыргызстандагы эки футбол мектебине элиттик статус берди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Ал эми КФС программадагы мүчөлүк деңгээлин бир жылдыздан эки жылдызга чейин жогорулатты.

Статустардын деңгээли

Академиялардын ийгилиги алардын AFC Elite Youth Scheme программасындагы көрсөткүчтөрү менен аныкталды. Бул программа жаш оюнчуларды кесипкөй клубдор жана курама командалар үчүн сапаттуу даярдоо максатын көздөйт.

Академиялардын жаңы статустары

3«Достук» академиясынын жылдызы
2А. Момуновдун атындагы академиянын жылдызы
2КФС мүчөлүк деңгээли

АФК өлкөдөгү таланттуу оюнчуларды издөө системасын, футбол инфраструктурасына салынган инвестицияларды жана жаш спортчуларды даярдоо стратегиясын жогору баалады. Ошондой эле жаштардын коопсуздугу, медициналык камсыздоо жана тренерлердин квалификациясы сыяктуу факторлор эске алынган.

Программанын максаты жана шарттары

Элиттик статустын болушу академияларга эл аралык деңгээлде өнөктөштөрдү жана спонсорлорду тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок бул деңгээлди сактап калуу үчүн талаптарды аткаруу шарт, анткени үч жылдан кийин кайрадан текшерүү жүргүзүлөт.